Жаңылыктар
Нарындагы Борбор Азия университети сентябрда ачылат
Билим
Нарындагы Борбор Азия университети сентябрда ачылат

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы Ага-Хан Өнүктүрүү Тармагынын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Кассим-Лакха Шамш менен жолукту. Өкмөт башчысы Өкүлчүлүккө өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө жана бийик тоолуу аймактардагы калктын аярлуу катмарынын турмуш-шартын жакшыртууга көмөк көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кассим-Лакха Шамш Кыргыз Өкмөтү менен Ага-Хан Өнүктүрүү Тармагы 15 жылдан бери өнөктөш экенин белгилеп, Өкүлчүлүктүн негизги иш чарасы Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин курулушу жана ачылышы болуп саналаарын билдирди. Окуу жайды курууга 90 миллион АКШ долларына жакын каражат жумшалган, жана билим мекемеси сентябрда эшигин ачат, дейт Кассим-Лакха Шамш.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118