Жаңылыктар
Шайлоо учурунда катталган бардык мыйзам бузуулар жана арыздар боюнча ыкчам чаралар көрүлөт
Шайлоо 2023
Шайлоо учурунда катталган бардык мыйзам бузуулар жана арыздар боюнча ыкчам чаралар көрүлөт

Шайлоо учурунда катталган бардык мыйзам бузуулар жана арыздар боюнча ыкчам чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди. 

Айтымында, кимдир бирөө тарабынан мыйзам бузуу жана пара алуу фактылары катталса же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү мыйзам бузса укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлөт. 

Мындан улам, ондогон шайлоо участкаларында атайын топ түзүлүп, мыйзам бузуу фактылары боюнча иш алып барууда.