Жаңылыктар
Үгүт иштерин одоно бузган фактылар милицияга берилди
Шайлоо 2023
Үгүт иштерин одоно бузган фактылар милицияга берилди

Шайлоо башталгандан бери БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 21 арыз келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

Ал ар бир арыз боюнча тиешелүү чара көрүлөрүн айтып өттү.

"Жабдыктардын иштебей жатат, айрым телеканалдарда үгүт материалдар көрсөтүлүүдө, белгисиз бир адам тизме чогултуп жатат, саясий партиялардын байкоочулары шайлоочуну кабинкага чейин коштоп барып жатат, акча таратуу, шайлоо кутусунун жанында кишилер отурат, адамдар ташылып жатат, айрым адамдарга белги коюлган беткаптар жана алдына ала белгиленген шайлоо бюллетендери берилип жатат ж.б. деген арыздануулар болууда. Ар бир мыйзам бузууга тиешелүү чара көрүлөт", - деди ал.