Жаңылыктар
Парламенттик шайлоого карата Түркияда эки шайлоо тилкеси ачылды
Шайлоо 2023
Парламенттик шайлоого карата Түркияда эки шайлоо тилкеси ачылды

Парламенттик шайлоого карата Түркияда эки шайлоо тилкеси ачылды. Анын бири Анкарадагы элчиликте болсо, экинчиси Стамбулдагы башкы консулдукта. Бүгүнкү шайлоодо Түркиядан 1миң 218 шайлоочу добуш бергенге укуктуу. 

Добуш берүү өнөктүгү Түркия сааты менен танкы саат 08.00дөн кечки саат 20.00 чейин болот. Добуш берүү үчүн Анталия, Измир жана Бурса шаарларынан мекендештер Стамбулдагы шайло тилкесине келишүүдө. 

Коронавируска каршы чаралар боюнча жергиликтүү бийлик менен кошо иштелип чыккан алгоритмге жараша мекендештер социалдык аралык сакталып, беткап кийип, антисептик колдонууда. Түркиядагы шайлоо тилкелеринде комиссия мүчөлөрүнүн баары диаспора өкүлдөрүнөн турат. Ал жерде бир гана дипломат биометрика боюнча маалыматтарды текшерүү үчүн отурат. 

Бул шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо максатында уюштурулган. Түркияда кыргызстандык жарандар Стамбул, Анкара, Измир, Бурса жана Анталия өңдүү ири шаарларда жашап, иштешет жана билим алышат.