Россияда 12 шайлоо тилкеси эшиктерин ачты. Шайлоочулардын жалпы саны 17 миңден ашат. Алардын жарымынан көбү Москвада катталган.
Москва убактысы боюнча таңкы саат 8де, Россиянын борборунда №9001, №9005 жана № 9015 үч шайлоо тилкеси эшиктерин ачты. Жалпы Россия боюнча мекендештер 12 шайлоо участогунда добуш берет. Алгач Москвада 2 шайлоо тилкесин ачуу пландалган, бирок форма №2 арызына байланыштуу шайлоочулардын саны көбөйгөндүктөн, БШК кошумча үчүнчү участок ачууну чечкен. Москвадагы шайлоочулардын жалпы саны 9 миң 30 жаран болсо, ал эми жалпы Россияда 17 миңден ашуун адамды түзөт.
Мурунку шайлоолордон айырмаланып, бул жолу кабиналардын жана жарандарды идентификациялоочу аппарат-шаймандардын саны көбөйтүлдү. Мунун бардыгы шайлоо тилкелеринде тыгын болбошуна шарт түзөт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо Россиянын 10 шаарында: Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург, Красноярск жана Владивостокто өтүүдө. Мындан тышкары, Сургут, Иркутск, Якутск жана Южно-Сахалинск шаарларында биринчи жолу шайлоо тилкелери ачылды.