Жаңылыктар
Шайлоо-2020: түшкө чейин миллионго чукул адам добуш берди
Шайлоо 2023
Шайлоо-2020: түшкө чейин миллионго чукул адам добуш берди

Түшкө чейин миллионго чукул адам добуш берди. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматында саат 14:00гө карата 990 492 шайлоочу добуш берди. 

Бул көрсөткүч, жалпы шайлоочулардын тизмесинин 28,11 пайызын түзөт. Добуш берүүдө эң алдыда Ош шаарынын тургундары баратат. Ушул тапта 63 415 шайлоочу добуш берүүгө катышып, тизменин 35,24 пайызын түзгөн.