Жаңылыктар
Чет өлкөлөрдөгү эки шайлоо тилкеси жабылды. Саат 16:го карата 5283 кыргызстандык добуш берди
Шайлоо 2023
Чет өлкөлөрдөгү эки шайлоо тилкеси жабылды. Саат 16:го карата 5283 кыргызстандык добуш берди

Парламенттик шайлоодо саат 16:00гө карата чет өлкөлөрдө 5 283 кыргызстандык добуш берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди. 

Айтымында, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Южно-Сахалинсктеги кеңсеси жана Владивосток шаарындагы мекемедеги шайлоо тилкелери жабылды. Южно-Сахалинскте шайлоо бүгүн 03:00дө башталып, 15:00дө жана Владивостоктогу шайлоо тилкеси 04:00дө ачылып, 16:00дө жабылды. 

"Чет мамлекеттердеги шайлоочулардын тизмесине 32 миң 602 жаран киргизилген. Алардын ичинен 5 миң 283 (16,2%) жаран добуш берди", - деди ал. Эскерте кетсек, парламенттик шайлоого карата чет жерде 45 шайлоо тилкеси даярдалган.