БШКнын маалыматында, саат 18:00го карата Жогорку Кеңештин талапкерлерин шайлоодо 1 миллион 594 763 жаран өз добушун берген. Бул жалпы шайлоочулардын 45,26 пайызын түзөт.
Ошто 101 271 жарандын добушу кабыл алынса (56,27%), Бишкекте 223 119 (44,83%), Жалал-Абад облусунда 303 450 (47,14%), Нарында 79 939 (45,37 %), Ош облусунда 317 927 (46,58 %), Таласта 69 263 (46,48 %), Чүй облусунда — 260 432 (44,39 %), Баткен облусунда 115 358 (40,58 %) жана Ысык-Көл облусунда 117 450 (40,39 %) шайлоочу добушун берген.
Ал эми, чет өлкөдөгү ачылган шайлоо тилкелеринде добуш бергендердин саны 6 554 (20,1%) болгон.