Борбордук шайлоо комиссиясынын саат 20:30го карата Жогорку Кеңешке талапкер партиялардын республика боюнча шайлоодогу болжолдуу жыйынтыгын массалык маалымат каражаттарына билдирди. Өлкө боюнча жалпы шайлоочулардын 1 875 824 катышкан. Бул жалпы 53, 24 пайыздык көрсөткүчтү берет.
Маалыматка ылайык партиялар төмөндөгүдөй добушка ээ болушкан:
1. Биримдик - 24, 47%
2. Мекенчил - 6, 86%
3. Ыйман Нуру - 3, 36%
4. Мекеним Кыргызстан - 24, 01%
5. Реформа - 1, 6%
6. Ата Мекен - 4, 03%
7. Замандаш - 2, 17%
8. Бүтүн Кыргызстан - 7, 04%
9. Социал Демократтар - 2,1%
10. Мекен ынтымагы - 0,63%
11. "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын" партиясы - 0,17%
12. Ордо - 0, 22%
13. Бир бол - 2,98%
14. Республика - 5,83%
15. Кыргызстан - 8,78%
16. Чоң Казат - 2,33%
Баарына каршы - 1,79%