Жаңылыктар
Россиядагы мекендештер атайын уюштурулган 12 шайлоо тилкесинде добуш берүүдө
Шайлоо 2023
Россиядагы мекендештер атайын уюштурулган 12 шайлоо тилкесинде добуш берүүдө

Россияда Кыргызстандын жарандары атайын уюштурулган 12 шайлоо тилкесинде добуш берүүдө. Шайлоочулардын жалпы саны 17 миңден ашат. Алардын жарымынан көбү Москвада жашайт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 12 шайлоо тилкесинде Россиянын 10 шаарында: Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск, Екатеринбург, Красноярск жана Владивостокто өтүүдө. Мындан сырткары, Сургут, Иркутск, Якутия жана Түштүк-Сахалинск шаарларында биринчи жолу шайлоо тилкелери ачылды. Шайлоочулардын жалпы саны 17 миңден ашат. Алардын жарымынан көбү Москва шаарында 9 миң 30 адам катталган.

Шайлоонун башынан аягына чейин ар бир партиянын байкоочулары анын жүрүшүнө көз салып жатат. Быйыл алар өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Мындан сырткары, эл аралык байкоочулар дагы бар. Тилекке каршы, айрым жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таба алган жок. Кээ бир шайлоочулар бюллетендерди сүрөткө тартып жаткан жеринен кармалган. Бул фактылар боюнча актылар дагы түзүлгөн.