Жаңылыктар
Добуш берүүгө ат салышып жаткан партиялардын лидерлери дагы жарандык милдеттерин аткарышты
Шайлоо 2023
Добуш берүүгө ат салышып жаткан партиялардын лидерлери дагы жарандык милдеттерин аткарышты

Учурда бүтүндөй журттун көңүлү шайлоого бурулуп, шайлоонун жыйынтыктарынын жарыяланышын көпчүлүк чыдамсыздык менен күтүүдө. Элдин ишенимин актайбыз деп убадасын берип жаткан саясий партиялардын лидерлери добуш берүү учурунда ой-пикирлерин да билдирип жатышты. 

Добуш берүүгө ат салышып жаткан 16 партиянын лидерлери да барып жарандык милдеттерин аткарышты. Эрте мененки саат 8де алгачкылардан болуп “Ыйман нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Аламүдүн -1 кичи районунда уюштурулган шайлоо тилкесине барып добушун берди. Шайлоонун калыс жана акыйкат өтүшүн каалаган талапкер добушун Кыргызстандын өркүндөп өнүгүшүнө жана жаркын келечек үчүн добушумду бердим -деди.
Кыргызстандагы элдердин биримдигин, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону башкы максатка айлантып, демократиялык социализмди баалаган «Биримдик» демократиялык партиясы» саясий партиясынын лидери Марат Аманкулов ордо калаадагы №1031 шайлоо тилкесине келип добуш берди. Тизме боюнча катардагы номуру 232 болгон жетекчи аралыкты сактап, санитардык эрежелерди карманды. Ал ар бир шайлоочу жети өлчөп бир кесип туура чечим кылат деген ойдо.