Жаңылыктар
БШКнын болжолдуу жыйынтыгы менен 7 пайыздык чектен төрт партия өттү
Шайлоо 2023
БШКнын болжолдуу жыйынтыгы менен 7 пайыздык чектен төрт партия өттү

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына келе турган депутаттарды шайлоо процессине жалпы өлкө боюнча 1 млн 604 562 жаран катышты. Бул жалпы тизменин 45,54 пайызды түзөт. 

Ушул тапта калган бардык шайлоо тилкелери байкоочулардын жана шайлоо участогундагы кызматкерлердин катышуусунда добуштарды тактап, санап жатышат. 

Алдын ала болжолдуу маалымат менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тааныштырды. Маалыматта айтылгандай, 7 пайыздык чектен "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары өттү. Эсептөө процесси дагы эле уланууда.

Автоматтык эсептөөчү урналардан (АЭУ) алдын ала алынган маалыматтар:

«БИРИМДИК» - 24.55%

«МЕКЕНЧИЛ» - 6.84%

«ЫЙМАН НУРУ» - 3.36%

«МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН» - 23.91%

«РЕФОРМА» партиясы - 1.62%

«АТА МЕКЕН» саясий социалисттик партиясы - 4.02%

«ЗАМАНДАШ» - 2.15%

«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН» саясий партиясы - 7.11%

СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР - 2.11%

«МЕКЕН ЫНТЫМАГЫ» - 0.63%

«АФГАНИСТАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ ЖАНА УШУЛ СЫЯКТУУ КАГЫШУУЛАРГА КАТЫШКАНДАРДЫН САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ» - 0.17%

«ОРДО» - 0.22%

«БИР БОЛ» - 3.02%

РЕСПУБЛИКА - 5.82%

«КЫРГЫЗСТАН» - 8.75%

«ЧОҢ КАЗАТ» - 2.32%

БААРЫНА КАРШЫ 1.79%

АЭУ саны 2 475
АСУдан келип түштү 2 404 - 97.13%
Шайлоочулардын саны 3 523 554
Добуш бергендердин саны 1 956 800 - 55.53%