Жаңылыктар
Кыргызстанда добуш берүү өнөктүгү аяктап, бардык шайлоо участоктору жабылды
Шайлоо 2023
Кыргызстанда  добуш берүү өнөктүгү аяктап, бардык шайлоо участоктору жабылды

Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды тандоо үчүн добуш берүү өнөктүгү аяктап, бардык шайлоо участоктору жабылды. 16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2 миң 475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде. 

Шайлоонун жүрүшүнө көзөмөл кылган байкоочу жана партия өкүлдөрүнүн айтымында бул шайлоо тилкесинде одоно мыйзам бузуулар кездешкен жок. Жалпы 2297 адам тизмеге алынса, алардын ичинен бир жарым миңге жакыны жарандык милдетин аткарып, добушун берген.

Бүгүн кыргызстандыктар маанилүү, тарыхый учурду башынан кечирип отурат. Азырынча кайсы партия алдыга озуп келе жатканын билүүгө мүмкүн эмес. Бардык тилкелерден автоматтык эсептөөдөн өткөн добуштар бир аздан кийин Боршайкомго келип түшүп, кийин алдын ала жыйынтык белгилүү болот.