БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын 20 күн ичинде жарыялайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Ал белгилегендей, бюллетендер колго эсептелип бүткөндөн кийин алар боюнча түзүлгөн протоколдор аймактык шайлоо комиссияларына бүгүн саат 06:00гө чейин жеткирилиши керек болчу. Аймактык шайлоо комиссиялары шайлоо тилкелеринен келген маалыматтарды топтойт жана арыз-кайрылууларды кабыл алат.
Андан кийин ар бир аймактык шайлоо комиссиясы эки жумадан кечиктирбестен өзүнүн аймагындагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча протокол жана жыйынтык жадыбалын БШКга тапшырышы керек. Андан соң БШК 20 күн ичинде шайлоо жыйынтыгын жарыялайт.