Жаңылыктар
Акрам Мадумаров: Кыргызстанда шайлоо уюшкандыкта жана ачык-айкын өттү
Шайлоо 2023
Акрам Мадумаров: Кыргызстанда шайлоо уюшкандыкта жана ачык-айкын өттү

Кыргызстанда шайлоо уюшкандыкта жана ачык-айкын өттү. Бул тууралуу вице-премьер-министр, Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров Коомдук каналдын эфиринде билдирди. 

Анын айтымында, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоону жогорку деңгээлде, белгиленген тартипте өткөрдү. 

"Аймактардагы 2 миң: 430 участкалык комиссиялар ишин аяктады. Батыш тараптагы өлкөлөрдө дагы эле убакыттын айырмасынан улам шайлоо жүрүүдө. Ал эми өкмөт бардык мүмкүнчүлүктөрдү карап, БШКга ар тараптуу көмөк көрсөттү", - дейт Акрам Мадумаров.