Жаңылыктар
Гүлжигит Алыкулов Казакстанда дебюттук голун киргизди
Спорт
Гүлжигит Алыкулов Казакстанда дебюттук голун киргизди

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу Гүлжигит Алыкулов “Кайрат” клубунда дебюттук голун киргизди. Бул туурасында аталган клуб социалдык баракчасына жазып, голдордун видеосун жарыялады.

Маалыматка ылайык, Казакстан Премьер-Лигасынын алкагындагы оюнда алматылык “Кайрат” менен “Астана” командасы жолукту. Аталган беттеш 3:0 эсебинде “Кайрат” командасынын жеңиши менен аяктады. Биринчи голду оюндун 24-мүнөтүндө кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов киргизди. Экинчи голдун автору Айбол Абикен болсо, үчүнчүсү  Алыкуловдун чыгарып берген тобу коргоочунун бутуна тийип ишке ашты. 

Эскерте кетсек, Гүлжигит Алыкулов шаардык “Дордой” клубунун тарбиялануучусу. Футболчу 2020-жылдын январь айында “Неман” клубунан “Кайрат” командасына өткөн. 2019-жылы “Кыргызстандын мыкты футболчусу” аталса, 2020-жылы Казак-Премьер Лигасындагы топ-12 баасы өскөн футболчулардын катарына кирген.