Жаңылыктар
Ош облусунда шайлоо күнү коомдук тартип катуу көзөмөлгө алынды
Аймак
Ош облусунда шайлоо күнү коомдук тартип катуу көзөмөлгө алынды

Шайлоо күнүнө карата ачылган Оштогу колл-борборго добуш берүү күнү 100дөй кайрылуу түшкөн. Ар кандай мазмундагы чалуулардын катарында, өзүн тизмеден таппай калган, кезек күтүүнүн себептерин же, шайлоонун жүрүшү туурасында билгиси келгендер телефон чалышкан. 

Ошондой эле, айрым массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү добуш берүүнүн жүрүшүн чагылдырууда барганда айрым шайлоо түйүндөрүндө тоскоолдуктар болгон. Ыкчам штабдан билдиргендей, күч кызматкерлери 6-октябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Аймактардагы ар бир он участкага атайын унаа менен камсыздалган мобилдүү топ уюштурулду. 

Участкалык милициядан сырткары жарандардын арыздары облусттук башкармалыктагы ыкчам штабда түз байланыш номуру аркылуу да кабыл алынууда. Ага, дубандын жети район-аймагында жашап, кандайдыр бир тартип бузууга кабылган же, күбө болгон жаран маалымат калтырса болот.

"Башкы максат, бир да жарандын кайрылуусу көз жаздымында калбоосу. Жер-жерлерде 2000 кызматкер кызмат өтөп жатышат. Булар өз аймактарында күчөтүлгөн тартипте иштейт. Айрым жерлерде кезек учурунда пикир келишпестик келип чыккан. Олуттуу мыйзам бузуу катталган жок",- деди Ош облустук ИИББнин маалымат катчысы Жеңишбек Аширбаев.