Жаңылыктар
Талас облусунда шайлоо күнү мыйзам бузуу фактылары катталган жок
Шайлоо 2023
Талас облусунда шайлоо күнү мыйзам бузуу фактылары катталган жок

Талас облусунда шайлоо күнүндө шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу, бейбаштык боюнча олуттуу факты катталган жок. Бул жөнүндө Талас облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Добуш берүү күнү облустагы ар бир шайлоо участкасында облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери экиден кем эмес санда туруп коопсуздук менен тартипти камсыз кылышты. Андан тышкары, милициянын ардагерлери, элдик кошуундар коомдук тартипти сактоого ыктыяры катары чыгып иштеди. 

Белгилей кетсек, облус боюнча 117 шайлоо участкасы иштеди. Тартип сакчылары шайлоо тилкелери жабылгандан кийин да коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн нөөмөттө турушту.