Жаңылыктар
Шайлоо - 2020. Бюллетенди сүрөткө тарткандардын иши укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2020. Бюллетенди сүрөткө тарткандардын иши укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди

Добуш берүү учурунда бюллетенди сүрөткө тартып, мыйзам бузгандардын иши укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. 

Жалал-Абад шаарында андай фактыдан алты учур катталды. Бул тууралуу БШКнын аймактагы өкүлү Дамир Жүндүбаев билдирди. Бюллеттенди сүрөткө тарткан жарандар участкалык шайлоо комиссиясы жана байкоочулар тарабынан кармалып, тиешелүү протокол түзүлгөн. 

Негизинен Жалал-Абад шаарында шайлоо күнү олуттуу техникалык мүчүлүштүк болгон жок. Автоматтык урналар иштебей, добуш берүү үзгүлтүккө учурады деген учурлар катталган жок. 4-октябрда Жалал-Абад шаары боюнча 25, ал эми облус боюнча 448 шайлоо участкасы иштеди.

“Конституциялык мыйзамга ылайык, добуш берүү жашыруун болот, аны сүрөткө тартуу болбойт. Эгер жашыруундулук бузулу турган болсо, анда 194-бере боюнча кылмыш иши деп эсептелет. Кече катталган фактылар боюнча укук коргоо органдарына бердик. Ишти алар карашат”,- деди БШКнын Жалал-Абаддагы өкүлү Дамир Жүндүбаев.