Жаңылыктар
Шайлоо - 2020. Добуштар тууралуу болжолдуу алдын ала жыйынтык
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2020. Добуштар тууралуу болжолдуу алдын ала жыйынтык

Бүгүн, саат 11:00гө карата 2429 шайлоо участогунда берилген добуштар тууралуу маалымат чыкты. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйынында билдирди.

Ал эми жыйынтыгы келе элек 45 участок чет мамлекеттерде. Бир участок - Баткендеги Зардалы чек ара бекетинде. Шайлдабекованын маалыматына ылайык, автоматтык үкөк системасынын алдын ала жыйынтыгы боюнча, 5-октябрь, саат 11:00гө карата партиялар төмөнкүдөй добуштарга ээ болушту:

«Биримдик» партиясы - 24,5%
«Мекеним Кыргызстан» - 23,88%
«Кыргызстан» - 8,76%
«Бүтүн Кыргызстан» - 7,13%
«Мекенчил» - 6,85%
«Республика» - 5,79%
«Ата Мекен» - 4,03%
«Ыйман Нуру» - 3,35%
«Бир Бол» - 3,03%
«Чоң Казат» - 2,34%
«Замандаш» - 2,15%
«Социал-демократтар» - 2,13%
«Реформа» - 1,65%
«Мекен Ынтымагы» - 0,63%
«Ордо» - 0,22%
«Ооган согушунун ардагерлери» партиясы - 0, 17%
«Баарына каршы» - 1,79%.