Жаңылыктар
Нарында нааразы болгон партиялардын тарапташтары топтолду
Аймак
Нарында нааразы болгон партиялардын тарапташтары топтолду

Ушул тапта Нарын облустук администрациясынын алдына нааразы болгон партиялардын тарапташтары топтолду. 

Алар «шайлоо ыплас өттү, жапырт добуш сатып алуу болду» деп билдирүүдө. Нааразы болгондордун тобу мөөнөтсүз митинг жарыялады. 4-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясына чогуу чыгарын «Ата Мекен» жана «Республика» партиялары дагы билдиришкен. «Бир Бол» партиясы да оппозициялык блокко кошуларын маалымдаган.