Жаңылыктар
Таласта шайлоонун жыйынтыгына карата нааразычылык акциясы өттү
Аймак
Таласта шайлоонун жыйынтыгына карата нааразычылык акциясы өттү

Таласта облустук драм театрдын алдында нааразычылык акциясы болуп өттү. Чогулгандар шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиянын өкүлдөрү жана тарапташтары болгондуктан жөнөкөй шайлоочулар акчага сатылганын байма-бай белгилеп жатышты. 

Нааразычылык акциясынын соңунда уюштуруучулар атайын резолюция кабыл алышты. Анда 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз, өткөрүлгөн шайлоо легитимсиз жана талаптар аткарылмайынча нааразычылык акциясын уланта беребиз деп айтылат. 

Мына ушундай резолюция кабыл алгандан кийин нааразычылык акциясына чогулгандар таркап кетти. Бирок, акцияда айтылган пикирлерге Таластын айрым тургундары да макул эмес экендигин билдиришти.