Жаңылыктар
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу талдоочуларын пикири
Шайлоо 2023
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу талдоочуларын пикири

Саясат таануучулар болсо саясий амбицияны артка таштап, айрым партиялар биригип туруп шайлоого аттанганда шайлоонун жыйынтыгы башкача болмок деген пикирлерин билдирүүдө. Тилекке каршы бийликке келүүнү көздөгөн партиялар саясий дымагынан баш тарта алган жок. 

Саясаттын табияты боюнча шайлоодо уткандар менен утулгандар эки тарап болот. Сөзсүз эле баары жеңишке жете бербейт. Элдин ишенимине татыган партиялар ийгиликти имерип кетишет. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгилеген саясий серепчилер саясатка аттанган адам саясаттагы оюндарга, ысык-суукка, бут тозууларга кайыл болуп келет-дешет. Ал ошон үчүн саясат. Талдоочулардын пикиринде саясаттын сересинде утушка караганда тескерисинче жеңилүү көп болот. 

Эксперттердин айтымында кеп шайлоочулардын санында же добуш берген пайыздык көрсөткүчтө эмес. Ал гана эмес шайлоого жаңы түзүлгөн саясий партиялардын же тарыхы бай партиялардын ат салышканы да анчалык маанилүү эмес. Башкысы партиянын тизмесинде добуш алып келген абройлуу талапкерлерде. Дагы бир негизги факторлордун бири шайлоочулар менен түзмө-түз иштешүүдө. Бул тактиканы азыркы жеңишке жеткен партиялар колдонду-дейт Шерадил Бактыгулов. 

“Жыгылган күрөшкө тойбойт”- демекчи айрым партиялар куру дооматтарды коё берген адаты бар-дейт талдоочулар. Нааразы болуп чыга калгандын ордуна жеңилгенин мойнуна алуу саясаттагы азаматтык сапатка жатат. Айтымдарында жада калса шайлоодогу оош-кыйыштар Европа мамлекеттериндеги эң байыркы парламенттерге болгон шайлоолордо деле орун алат. Мындан улам эксперттер саясий тарыхтан сабак алып, жыйынтык чыгаруу туура болмок деген пикирде. 

Саясат таануучулардын пикиринда Кыргызстанда партиялардын шайлоодо жеңилип калышына алардын бийликке умтулган саясий амбициясы же дымагында болууда. Тилекке каршы өзүмчүлдүк саясатчылардын өздөрүн көбүрөөк жабыркатууда. Шайлоого чейин бирикпей тескерисинче биринчи оппонент болгондор шайлоонун жыйынтыгы чыгаары менен кол кармаша калганы саясатчыларга аброй алып келбейт-дейт талдоочулар. Эгер партиялар биригип, ирилешкенде шайлоонун жыйынтыгына таасир болмок. 

Тилекке каршы жеке амбицияны тыйып, ынтымакка келип, үгүт маалында бири-бирин жамандагандын ордуна шайлоочулар менен ишти илгерилеткенде мындай жыйынтыкка ээ болмок эмеспиз деген да пикирде болгон серепчилер да жок эмес. Айтымында саясий жарышта баардык партияларга бирдей шарт түзүлдү, теледебаттарда максаттары менен программасын кеңири тааныштырууда 

Мыйзамга ылайык шайлоонун акыркы жыйынтыгы 20 күнгө жетпеген убакытта чыгат. Азыркы учурда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун соңку маалыматтарын жарыялап жатат.