Жаңылыктар
Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоого Эл аралык байкоочулар кандай баасын берди?
Шайлоо 2023
Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоого Эл аралык байкоочулар кандай баасын берди?

Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык байкоочу миссиялардын башчылары менен жолугушту. Алар КМШ, Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши сыяктуу ири эл аралык уюмдардан келишкен.

Эл аралык уюмдардан келген байкоочулар бизде өткөн өнөктүккө баам салып, анын жүрүшүндөгү мыйзамдуулуктун сакталышына, түзүлгөн шарттарга, ачык-айкындыкты камсыздоого көз салышты. Алар шайлоо өткөрүү, шайлоо процессинде ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча иштер талаптагыдай уюштурулганын белгилешти.

Байкоочулар мыйзам базасын даярдоо, шайлоо участокторун заманбап технологиялар менен жабдуу боюнча уюштуруу иштерине токтолушту. Алар жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлгөнүн билдиришти. 

Байкоочулар кечээ болгон шайлоо күнүнө гана көз салышкан жок. Алар үгүт иштерине да байкоо кылышты. Ага ылайык бүгүнкүдөй пандемия шартында үгүт иштеринде онлайн аянтчалардын жана дебаттардын уюштурулганын өзгөчө белгилешти. Бул өз кезегинде жарандардын аң сезимдүү тандоосуна таасир эте турганына токтолушту.