Жаңылыктар
БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 154 арыз келген
Шайлоо 2023
БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 154 арыз келген

Шайлоо күнү ушул жерде мыйзам бузулуп жатат деген арыз-даттануулар 30дан ашык шайлоо тилкелери боюнча келип түшкөн. Башкы прокуратура добуш берүү учурунда 25 мыйзам бузууну каттаса, БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна 154 арыз келген. Ушул тапта катталган учурлардын баары иликтенип жатат. Арыздар келип түшкөн шайлоо участокторунда мыйзам бузулган учурлар тастыкталса, ал участоктун жыйынтыгы жокко чыгарылат.

Телефон менен сүйлөшүүгө, сүрөткө жана видеого тартууга болбойт. Ар бир кабинада илинип турган мындай эскертүү баракчалары айрым шайлоочуларды ойлондурган деле жок. Ким үчүн тартып алганы белгисиз болсо дагы, добуш бергенине далил катары керек болгону ачык көрүнүп калды.

Бул жашыруун видеодо болсо, добуш бергендиги тууралуу сүрөттү көргөзгөн шайлоочу, өздүгүн паспорту аркылуу тастыктап, акча алып кеткендиги даана көрүнүп турат.

Добуш берүү учурундагы мыйзам бузуулар ушуну менен эле токтоп калбайт. Интернет айдыңында ушул сыяктуу ондогон видеолор тарап кетти. БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна эле 150 дөн ашык арыз түшкөн. Анын 29 учуру добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу, добуш сатуу боюнча 2 учур, сүрөткө тартып алган 19 жаран тастыкталса, массалык түрдө шайлоочуларды ташыган 6 учур катталган. Түшкөн арыздардын арасында шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө нааразы болгондор жана административдик кысымга кабылгандар да бар.

Ал эми башкы көзөмөл органы добуш берүү күнү 25 мыйзам бузуу фактысын каттаган. Алардын 18 учуру Жазык кодексине, калганы Жоруктар кодексине тиешелүү иш катары кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Алар негизинен административдик кысымга кабылуу, добуштарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө жана башкаларга байланыштуу.

Эми келген ар бир арыз-даттануу, айыптоолор фактыларга негизделүүгө тийиш. БШК добуш берүү учурунда катталган мыйзам бузуулардын баары иликтенип, тиешелүү чара көрүлөрүн эскертти. Эгер арыздар келип түшкөн шайлоо участокторунда мыйзам бузуу тастыкталса, ал участоктун жыйынтыгы жокко чыгарылат.