Жаңылыктар
Интернет коопсуздугу талкууга түштү
Саясат
Интернет коопсуздугу талкууга түштү

Маалымат жана байланыш тармагында бирдиктүү адистештирилген орган түзүлөт. Бул тууралуу 21-июнда, интернетти башкаруу боюнча Борбор Азиялык форумда биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев билдирип, Кыргызстан маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды өнүктүрүүгө тыкыр көңүл буруп жатканын айтты. Эл аралык форумда мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, интернет-индустрия өкүлдөрү жана киберкоопсуздук боюнча эксперттер катышты. 

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү интернетти башкаруу боюнча мамлекеттик саясат маселелерин талкуулоого Орусия, Украина, Молдова, Армения жана Казакстан баш болгон бир катар өлкөлөрдөн келген интернет-индустрия тармагындагы эксперттер, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү өкмөт мүчөлөрү чогулду.

Форумда биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев сөз сүйлөп, Кыргызстан маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды өнүктүрүүгө тыкыр көңүл буруп жатканын белгиледи.

Эксперттердин белгилөөсүндө бүгүнкү заманбап технологиялардын жана интернеттин пайда болушу менен дүйнөдө кибертерроризм деген түшүнүк жаралды. Бул түшүнүк кылмышты интернет технологиясы аркылуу жасоону билдирип, дүйнө калкын сайттардын жана социалдык тармактардын жардамы менен азгыруунун инструментине айланды. Андыктан интернетти башкарууга мүмкүн болбогондуктан, баарынан мурун мамлекеттер жалпы талаптар тууралуу макулдашып алуусу зарыл дейт адистер.

С. Идирисов, "Биринчи радио"