Жаңылыктар
Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуш башталган күн
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуш башталган күн

Бүгүн Улуу ата мекендик согуш башталган күндү эскерүү жана аза күтүү күнү. 1941-жылы 22-июнда таң эрте фашисттик Германия эч жарыясыз Советтер союзуна кол салып, аскердик, стратегиялык объектилерге жана көптөгөн шаарларга чабуул жасаган. Мына ушинтип Улуу Ата Мекендик башталып, ал 1418 күн жана түн уланган. Бул согушта Советтер союзу 27 миллион адамын жоготуп, бирок жеңишти колдон чыгарган жок. 

Кандуу калабада совет эли Европа элдерин фашисттик бийликтен бошотууга жана гитлердик армиянын таш-талканын чыгарууга чон салымын кошкон. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 75 жылдыгына байланыштуу Чүй облсунун Панфилов айылында "Биз миллион пафиловчуларбыз" Эл аралык эскерүү Вахтасынын штандартын өткөрүп берүү иш-чарасы өттү. Ошондой эле Советтер союзунун баатыры, генерал Панфиловдун эстелигине гүлчамбар коюлду.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118