Жаңылыктар
Панфилов дивизиясынын эрдиги эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Панфилов дивизиясынын эрдиги эскерилди

Улуу Ата-Мекендик согушта эрдик  көрсөткөндөрдү даңазалоочу “Эскерүү вахтасы Кыргызстанда“. Панфилов дивизиясынын эрдиги эскерилген эл аралык  масштабдагы иш чара Панфилов жана Жайыл райондорунда, дивизиянын командири Иван Панфиловдун   эстелигине гүл чамбырларды коюуп, музейин кыдырып, таазим этүү менен белгиленди. Чоң атасы Панфиловду эскерүүгө Казакстандан небереси Айгүл Байкадамова жана эл аралык кыймылдын активисттери келишти.   

Белгилей кетсек “ Эскерүү вахтасы ”, “ Биз миллион  панфиловчуларбыз",  “ Достук- женишти алып келди” ураандарынын астында   Оренбург шаарында башталып Россиянын, Казакстандын бир канча шаарларын кыдырып  Бишкекке келген.

Н. Молдокулова, "Биринчи радио"