Жаңылыктар
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди. Маалыматка ылайык, мэрдин милдети Жоошбек Коеналиевге убактылуу тапшырылды. Мындай чечимди "Бишкектеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча координациялык кеңеш" кабыл алган. 

Коеналиев акыркы парламенттик шайлоодо 7 пайыздык чектен өтө албай калган "Республика" фракциясынын талапкери болгон. 2018-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору кызматынан бошотулган. 

Ошондой эле Рафик Мамбеталиевдин талапкерлиги Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчылыгына сунушталды. Ал 2016-жылы Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы кызматынан кеткен.