Жаңылыктар
Декларация толтурууда чиновниктердин калпы аныкталды
Саясат
Декларация толтурууда чиновниктердин калпы аныкталды

2015-жылкы жыйынтык боюнча 700 чамалуу мамлекеттик кызматкерлердин толтурган декларацияларында Мамлекеттик каттоо кызматтарындагы  маалыматтар менен дал келбестиктер бар. Мындай шек  жараткан декларанттардын тизмеси Башкы прокуратурага жиберилди. Мамлекеттик кызматкерлер чет өлкөдөгү байлыктарын да көрсөтүүгө милдеттүү, бирок анысын жаап- жашырып жаткандыгын тасктыктап алуу үчүн азырынча система түзүлө элек. Адистердин белгилөөсүндө Кыргызстандын жалпы калкы бирдиктүү декларацияны ишке ашырмайынча мамлекеттик кызматкерлер  декларациясын туура толурат деп ишенүү кыйын.  

Белгилей кетсек 2016- жыл боюнча декларацияны толтуруу компаниясы  1- апрелде аяктап,  98 пайызга аткарылган. Соңку жылдан бери декларацияга  кирешесин  гана эмес  чыгашасын  да көрсөтүү милдеттүү деген норма киргизилген.   

Н. Молдокулова, "Биринчи радио"