Жаңылыктар
Шанхай кызматташтык уюмунун кеңешинин жыйыны Ташкентте өтөт
Саясат
Шанхай кызматташтык уюмунун кеңешинин жыйыны Ташкентте өтөт

 23-24-июнь күндөрү Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кенешинин жыйыны өтөт. Саммитке катышуу ниетин ШКУга кирген мүчө өлкөлөрдүн бардык жетекчилери расмий түрдө тастыкташты: Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон жана Кытай эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин. 

Ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочу мамлекеттеринен саммитке Ооганстан, Беларусь, Монголия, Пакистандын президенттери, Индиянын премьер-министри жана Ирандын тышкы иштер министри катышат. Жыйынга төрагалык кылып жаткан Өзбекстан тарабынан быйылкы саммитке конок катары Түркмөнстандын президенти Гурбангалы Бердымухамедов чакырылды. 

Өлкө башчыларынын жыйынында саясат, коопсуздук, экономикалык, маданий-гуманитардык, маалымат жана эл аралык мамилелерди өзүнө камтыган негизги багыттар боюнча 2016-2020-жылга карата иш-аракеттердин планын бекитүү пландалууда. ШКУ саммитинин алдында Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-өлкөлөрүнүн бир катар профилдик министрликтеринин жана ведомстволордун жетекчилеринин жолугушуулары өтөт.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118