Жаңылыктар
Кыргыз мушкери Азиз Сатыбалдиев UFC уюмунда дебют жасашы мүмкүн
Спорт
Кыргыз мушкери Азиз Сатыбалдиев UFC уюмунда дебют жасашы мүмкүн

Кыргызстандык мушкер Азиз Сатыбалдиев жана анын менеджери Асан Султанов Бириккен Араб Эмираттарына UFC уюму менен сүйлөшүү жүргүзүүгө учуп барды. “Жаңы эле мейманканага келип жайгаштык. Эми UFC турнири өтө турган аралга барабыз, жакынкы убакытта бардык маалымат белгилүү болот”- деди мушкердин менеджери.

Эскерте кетсек, буга чейин Азиз Сатыбалдиев UFC уюму менен келишим түзөт деген маалыматтар айтылган.

27-сентябрдан тартып, Абу-Даби шаарында 5 UFC турнири пландалган. Аталган мелдештин экөөсү болуп өттү. Эми калган 3 турнир 12-18-жана 24-окятбрда өткөрүлөт.