Жаңылыктар
Парламент өкмөттүн жаңы түзүмүн жактырды
Саясат
Парламент өкмөттүн жаңы түзүмүн жактырды

Парламент өкмөттүн жаңы түзүмүн жактырды. Ошентип өкмөттүн жаңы структурасында эки жаңы орган түзүлөт жана эки министрлик кайрадан өзгөртүлүп түзүлөт. Бул мамлекеттик өнөр-жай жана жер казынасын пайдалануу жана мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети. 

Комитеттин бирине коммуникация милдети жүктөлүп жаткандыктан өкмөт транспорт жана жол министрлиги кылып кайрадан өзгөртүп түзүүнү сунуштап жатат. Ал эми айыл-чарба жана мелиорация министрлининин функцияларын тамак-аш өнөр-жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен кеңейтип, айыл-чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги катары кайра түзүлмөй болду. 

POST1RIGHT Өкмөт башчы бул кадамдар экономиканы өнүктүрүүгө гана эмес, азык-түлүк коопсуздугуна таасирин тийгизет - деди. Өкмөт башчы бул өзгөрүүлөргө бюджеттен каражат жумшалбай турганын билдирди. 

Ошол эле учурда Соронбай Жээнбеков депутаттардын сунушу менен чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министрлик кызматты киргизүүнү карамай болду.

Атап айтканда, сунуштарга ылайык, Өкмөттүн түзүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилүүдө:

  • Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин базасында мамлекеттик өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү. 
  • Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана өкмөттүн электрондук башкаруу борборунун базасында мамлекеттик маалыматык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү. 
  • Айыл-чарба жана мелиорация министрлининин функцияларын тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар менен кеңейтүү менен аны айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги катары кайра түзүү.
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коммуникация функциялары мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин өткөрүп берилгенине байланыштуу аны транспорт жана жолдор министрлиги катары өзгөртүп түзүү.