Жаңылыктар
Тоо кен тармагындагы ишканалардын көбү ишин токтотууга мажбур болду
Кыргызстан жаңылыктары
Тоо кен тармагындагы ишканалардын көбү ишин токтотууга мажбур болду

Өлкөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу тоо кен тармагындагы ишканалардын көбү ишин токтотууга мажбур болду. Ал эми Талас облусундагы Жерүй кенин басып алуу аракети болуп, жумушчулар шаарчасында техника жана контейнерлер өрттөлгөнү кабарланды. Экономисттер мындай жагдай өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизээрин, ага катар республикалык бюджет жабыр тартаарын эскертип жатышат.