Жаңылыктар
Түштүк Кореяда имарат өрттөнүп, 90 киши жаракат алды
Дүйнө
Түштүк Кореяда имарат өрттөнүп, 90 киши жаракат алды

Түштүк Кореянын Ульсан шаарында 33 кабаттуу имарат өрттөндү. Бул тууралуу Yonhap агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, өрт 8-октябрь күнү саат 23:00 башталып, түндө шамал катуу болгондуктан өчүрүү кыйын болгон.

Ооруканага түтүндөн ууланган 88 адам түшкөн. Ал эми имараттын эвакуацияланган айрым тургундары мейманканага жайгаштырылды.

Түштүк Кореянын ММКнын айтымында имараттагы өрт 12-кабатта башталган. Окуянын башка чоо-жайы азырынча айтыла элек, өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат.