Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы мектептерге жана бала бакчаларга азырынча жылуулукка берилбейт
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкек шаарындагы мектептерге жана бала бакчаларга азырынча жылуулукка берилбейт

Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар жылуулукка туташа элек. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта аталган мекемелерге жылуулук берүүнүн кажети жок. Карантиндик шартка байланыштуу балдар мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерге барышпайт. Кызматкерлердин айрымдары үйдө иштешет, мектептерде жана бала бакчаларда нөөмөттө турган топтор гана бар. Бул маселелер зарылдыгына жараша чечилээрин жана жылуулукту каалаган убакта туташтыра алышаарын кошумчалады. Эгерде билим берүү мекемелеринде күндүзгү ооруканаларды ачуу зарылчылыгы жаралса, имараттарды жылытууда эч кандай көйгөй жаралбасын айтып өттү.

12-октябрда саат 9: 00гө карата "Бишкекжылуулукэнерго" турак жайлардын 98,6 пайызын (624 ичинен 615 имарат), медициналык мекемелердин 100 пайызын (12нин 12си), башка бюджеттик уюмдардын 53 пайызын, сегиз университеттин эки университетин жылуулук тутумдарына кошту.

Борбор калаада жылытуу сезону 9-октябрда башталды.