Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 12-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Бишкек шаарында 1 өрт, Чүй облусунда - 6, Нарын облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 1, Баткен облусунда - 1, Талас облусунда - 1 өрт кырсыгы катталды.
Бишкекте, Киев көчөсүндө, көп кабаттуу турак үйдүн батиринде газ плитасы, жыгач пол, кир жуугуч машина жана шкаф күйүп кетти.
Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы Момунжанов көчөсүндө турак үй толугу менен күйүп кетти.
Сокулук айылынын Калинин көчөсүндө Honda Fit жеңил унаасынын кыймылдаткычы күйүп кетти.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.