Жаңылыктар
"Шамбала" тасмасы Анапа шаарында өтчү кинофестивалга катышат
Маданият
"Шамбала" тасмасы Анапа шаарында өтчү кинофестивалга катышат

Артыкпай Сүйүндүков тарткан “Шамбала”тасмасынын орус премьерасы  "Киношок " XXIX ачык кинофестивалында өтөт. Бул тууралуу "Кыргызфильм" Улуттук киностудиясынан билдиришти.

Фестиваль Анапа шаарында 17-23-октябрь күндөрү өтөт. Фильм толук метраждуу көркөм фильмдер сынагында көрсөтүлөт. "Шамбала" тасмасынын дүйнөлүк бет ачары 2020-жылы июль айында Шанхай кинофестивалында өткөн.

Тасма Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.