Жаңылыктар
Москвадагы ак элечек энелер кыргыз элине жана өкмөткө кайрылуу жасашты
Мекендештер
Москвадагы ак элечек энелер кыргыз элине жана өкмөткө кайрылуу жасашты

Чек араларды ачуу, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда товарларды экспорттоону көбөйтүү Армениядагы Өкмөттөр аралык кеңештин негизги темасы болуп калды. Бул арада Москвада жашаган ак элечек апалар кыргызстандыктарга жана өкмөт мүчөлөрүнө кайрылуу жасады.

Кыргызстанда болуп өткөн акыркы окуялар чет өлкөлөрдөгү мекендештерди тынчсыздандырбай койбойт. Улуу муун өкүлдөрү Москвадагы Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин алдына чогулду. Ак элечек энелер кыргыз элине жана өкмөткө кайрылуу жасады.

Бүгүнкү күндө дээрлик ар бир экинчи үй-бүлөдө чет мамлекетте иштеп жүргөн жакындары бар. Алардын которгон каражаты Кыргызстандын ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Көпчүлүгү Россияда жашап, иштөөдө. Коронавирус пандемиясы жана чек аралардын жабылышы мекендештерибизге терс таасирин тийгизди.