Жаңылыктар
“Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрмө жайы убактылуу жабылды
Чек ара
“Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрмө жайы убактылуу жабылды

12-октябрдан тарта “Торугарт-автожол” көзөмөл-өткөрмө жайы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 

Маалым болгондой, өткөрмө жай Кытай тараптын демилгеси менен жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды. Ал эми “Эркечтам-автожол” көзөмөл пункту штаттык режимде иштеп жатат. Кытайдан жүк ташуу үчүн аталган жайдан атайын бекитилген алгоритмдин негизинде каттам жүрүзүлүп жатат.