Жаңылыктар
Бишкекте банк жана төлөм системалары өзгөчө абалдын талаптарына ылайык иштөөдө
Экономика
Бишкекте банк жана төлөм системалары өзгөчө абалдын талаптарына ылайык иштөөдө

Бишкекте банк жана төлөм системалары өзгөчө абалдын талаптарына ылайык иштеп жатат. Улуттук банктан билдиргендей, төлөм системалары, анын ичинде "Элкарт" улуттук төлөм системасы да штаттык режимде иштөөдө. 

Ал эми финансы уюмдары накталай эмес төлөмдөрдү, улуттук төлөм системалары жана эсеп ачуусуз жеке адамдардын акча которуу системалары боюнча акча которуу жана төлөө операцияларын ишке ашырууда. Накталай акчанын, ошондой эле накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүү болушу өлкөнүн бардык региондорунда финансы уюмдары тарабынан орнотулган банктык жабдуулар аркылуу камсыз кылынууда. 

Улуттук банк банктык кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер жаралган учурда финансылык уюмдарга кайрылууну сунуштайт. Банктар саат 09:00дөн тартып 15:00гө чейин иштеп жатат. Мындан тышкары жарандар кошумча маалыматтар менен интернет-сайттарында таанышса болот.