Жаңылыктар
Парламент өкмөттүн жаңы түзүмүн жактырды
Саясат
Парламент өкмөттүн жаңы түзүмүн жактырды

Ошентип өкмөттүн жаңы структурасында эки жаңы орган пайда болуп, эки министрлик кайрадан өзгөртүлүп түзүлмөй болду. “Ишеним жана Биримдик” программасына ылайык экономиканы өнүктүрүү, экспорттун жана мамлекеттик инвестициялардын көлөмүн көбөйтүү өкмөттүн негизги багыттары дейт Сооронбай Жээнбеков.

Өнөр-жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу, айыл чарбасын көтөрүп, электрондук башкарууну жандуу жүргүзүү - өкмөт сунуштап жаткан негизги багыттар. Бул максатта өкмөт ыңгайлуу жолдорду таап, өлкөнүн экономикасын өнүктүрө турган тармактар боюнча өкмөттүн түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизген. 

Анын үстүнө Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу бул тармактарда узак мөөнөттүү саясатты иштеп чыгууну талап кылат. Мындан улам өкмөт башчы ички дүң өнүмгө жана бюджетке кошкон салымы чоң бул тармактардын ишин бир ыргакка салуу зарылдыгын белгиледи. 

“Министрликтер менен ведомстволордун ишин анализдеп көрүп, жогорудагы программаны ырааттуу ишке ашыруу максатында өкмөттүн структурасында айрым өзгөрүүлөрдү киргизүүнү туура таптык. Ошондуктан өнөр-жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу, айыл-чарбасы электрондук башкаруу чөйрөсүндө активдүү саясатты жүргүзүү талабы келип чыкты”, - дейт премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Ошентип өкмөттүн жаңы түзүмүндө эки жаңы орган пайда болуп, эки министрлик өзгөрүлүп түзүлөт. Алар мамлекеттик өнөр-жай жана жер казынасын пайдалануу жана мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитеттери.

Комитеттердин бирине коммуникация милдети жүктөлүп жаткандыктан транспорт жана жол министрлиги болуп өзгөрүлөт. Ал эми айыл жана суу чарба министрлигине тамак-аш өнөр-жайын өнүктүрүү боюнча кошумча функциялар берилип, айыл-чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги болуп кайра түзүлмөй болду. 

Өнөр-жай өндүрүшүндө стратегиялык артыкчылыктуу багыт энергетика болуп саналат. Бул эки тармактагы саясатты иштеп чыгууну экономика министрлигине өткөрүп берүү менен өнөр-жай экинчи планда калганын айткан Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча түзүлө турган комитет тармактын ишин арттырат деген ойдо. Комитет мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин алдында түзүлөт. 

Депутаттардын басымдуу бөлүгү өкмөттүн түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдү колдоого алды. Жеке жана мамлекеттик инвестицияны тартуу да өкмөттүн негизги милдети катары аныкталган. Экономиканы чыңдоо үчүн тышкы жана ички инвесторлордун салымы зарыл экенин билдирген депутаттар инвесторлор кызыккан шартты түзүүнү сунуштады. 

“Сыртан келген инвесторлор аэропорттон баштап коррупциянын баардык турун корот чек ара башка кызматтын баары сиз тапшырма берсениз ишкерлерге жоболор ар бир мекеменин инвесторлор сырттан, ички инвесторлор кезек болот дегем биздин бюрократия менен туш келп колун шилтеп кетип калып жатат. Экономикабызга абдан чоң салым кошот”, - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев.

Сооронбай Жээнбеков жаңы органдарды түзүү менен бюджеттен ашыкча каражат сарпталбай турганын билдирди. Ошол эле учурда өкмөт башчы депутаттардын сунушу менен чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министрлик кызматты киргизүүнү карамай болду.