Жаңылыктар
Акыркы коомдук-саясий кырдаалдарга байланыштуу өлкө экономикасы зыян тартты
Экономика
Акыркы коомдук-саясий кырдаалдарга байланыштуу өлкө экономикасы зыян тартты

Акыркы коомдук-саясий кырдаалдардан улам, 10-октябрга карата Кыргызстандын экономикасы 8 млрд. сом же 104 млн. доллар зыян тартты. Бул тууралуу Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы тараткан кайрылууда айтылат. 

Анда: "Ансыз да пандемия шартында экономикасы жабыркаган Кыргызстанда январь-август ичинде мунай тазалоо өндүрүшү 4 млрд. сомдон 841 млн. сомго чейин төмөндөп кеткен. Текстиль, тигүү өнөр жайы 5,3 млрд. сомдон 3,8 млрд. сомго чейин, кен иштетүү 467 млн. сомдон 402 млн. сомго азайган. 

Ал эми жашылча-жемиштерди сыртка экспорттоонун көлөмү 731 миң доллардан 167 миң долларга чейин төмөндөгөн. Инвестиция былтыркы сегиз айга салыштырмалуу 9,2% төмөндөсө, тышкы инвестициянын көлөмү быйылкы тогуз айда 27 пайызга кыскарган.