Жаңылыктар
Индияда коронавирусту жуктургандар көбөйүүдө
Дүйнө
Индияда коронавирусту жуктургандар көбөйүүдө

Индияда коронавирусту жуктургандар күн санап көбөйүп жатат. Жекшембиде жугуштуу тумоого чалдыккандардын жалпы саны 7 миллиондон ашты. 

Индиядагы эпидемиялык абал кооптондуруп турат. Бул өлкөдө вируска кабылгандар боюнча АКШнын көрсөткүчүнө жакындап калды. Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн суткада 75 миңге жакын адамдан инфекция аныкталган. 108 миңден ашык индиялыктар COVID-19дун курмандыгы болду.