Жаңылыктар
Эстакадалык көпүрөнүн жыйынтыктоочу этабы
Кыргызстан жаңылыктары
Эстакадалык көпүрөнүн жыйынтыктоочу этабы

Ош шаарындагы Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылды. Шаардык мэриянын жол башкармалыгы билдиргендей, ремонт иши көпүрөнү куруу долбоорунун жана жол куруу технологиясында мерчемделген талаптардын жана видео көзөмөл коюу иштеринин негизинде жүрүп жатат. Бирок, мындай чектөө коомчулук арасында ар кандай пикирлерди жаратууда.

Өткөн жылдын 28-октябрында Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушу толук бүтпөй туруп, пайдаланууга берилип кеткен. Буга ошол учурдагы аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү негиз болгонун шаардын жол башкармалыгы билдирди. Ушул күндөрү жүрүп жаткан ремонт иши - эстакадалык көпүрөнү куруу долбоорунун жыйынтыктоочу бөлүгү. 

Көпүрөнү реконструкциялоонун үчүнчү этабын ишке ашыруу 25 градустан жогорку температураны талап кылат. Анткени “термошов” ыкмасы ар бир он сегиз метр аралыкта коюлушу кажет. Ал эми көпүрөдө мындайдын он алтысы бар. 

Керектелүүчү курулуш каражаттары Россиядан алып келинген. Герметик каражатын пайдаланууда аба-ырайы ысык жана туруктуу болушу кажет.

Курулуш талаптарынын сакталашын экотехинспекция адистери такай көзөмөлдөп турат. Өзгөчө көңүл курулушка колдонулган курулуш материалдарынын сапатына бурулат. 

Эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштерине Россиянын гранттык каражаттарынан 667 миллион сом бөлүнгөн. Көпүрөнүн узундугу 265, туурасы 24 метрди түзөт. Авто унаалар кыймылы төрт тилкеде жүргүзүлөт.