Жаңылыктар
Ч.Айтматов атындагы драма театрында “Мени таштап кетпе” спектакли коюлду
Маданият
Ч.Айтматов атындагы драма театрында “Мени таштап кетпе” спектакли коюлду

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында бүгүн беларусь жазуучусу Алексей Дударевдун “Мени таштап кетпе” аттуу чыгармасынын негизинде даярдалган спектакль коюлду. Бул кандуу калаба башталган 22-июнь жана согуштун 75 жылдыгына арналган. Чыгармада согуш учурунда төрт жаш кыздын душмандардын тылында жасаган эрдиги баяндалат.

Сыртынан шайыр-шаңдуу, чер жазуу үчүн бийлеп жаткандай көрүнгөн менен бул чыныгы согуштук аракеттерге даярдык. Советтик армиянын катарындагы 4 кыз, душмандардын тылында ары жоопкерчиликтүү, ары кооптуу бир тапшырманы аткарышы керек. Өмүрлөрү коркунучта турса да мектепти эми бүткөн кыздардын бир гана максаты- жеңиш. 

"Мен ойногон каарман Вероника. Ал согуш жылдары өзүнүн сиңдисин жоготуп жиберет. Көрсө ал немистердин туткунуна түшүп калат экен. Ушундан кийин Вероника эки жыл бою толук тамак жебей, уктабай калат. Фашисттерден өч алууну гана ойлоп калат. Ал даярдык учурундагы бардык кыйынчылыктарды жеңип, эрдик көрсөтүүгө эрки жана күчү жетерин далилдеп берет. Ал чынында эле коюлган тапшырмаларды так аткарып, өзү койгон максатына жетет", - ейт Вероника Кремистин ролун аткарган Татьяна Горопченко.

Спектакль беларусь жазуучусу Алексей Дударевдин “Мени таштап кетпе” аттуу чыгармасынын негизинде жаралган. Чыгарма жаш кыздардын кайгылуу, оор тагдырын баяндаганы менен спектакль тамашалуу, романтикалуу жана позитивдүү окуялар менен коштолгон. Чыгарма Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүнө арналып, атайын сахналаштырылган. 

Төрт кыз акыры көздөгөн максаттарына жетет. Алардын эрдиги менен советтик армия душмандар бугуп жаткан бир нече аймактарды, шаарларды бошотушкан. “Мени таштап кетпе” пьесасы өтө лирикалуу, согуш жөнүндөгү чындыкты баяндаган, максатка жетүү үчүн өз өмүрүн да аябаган, чыныгы баатырлардын кыялын баяндаган чыгарма.

Спектакль 1 саат 50 мүнөткө созулат. Мына ушул убакыттын ичине бүтүндөй бир тарых камтылган.