Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Сербияда өтөт. Бул туурасында Бириккен күрөш уюму билдирди. Маалыматка ылайык, дүйнө биринчилиги 12-декабрдан 20-декабрга чейин Сербиянын Белград шаарында өткөрүлөт.
“UWWнин аткаруу комитети дүйнө чемпионатынын өткөрүлүшүн улуттук федерациялардын 70% дан ашыгынын уруксаатын алгандан кийин бекиткен. Бюро 6-ноябрда чогулуп, коронавирус пандемиясынын уланып жаткандыгына байланыштуу иш-чарага киргизилген өзгөртүүлөрдү жана анын катышууга тийгизген таасирин талкуулайт”-деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин күрөш боюнча өтө турган өспүрүрмдөр арасындагы дүйнө биринчилиги жокко чыгарылган. Буга улуттук федерациялар турнирге катыша турган катышуучулардын санына тынчсыздануусу себеп болгон.