Жаңылыктар
Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы коррупция маселеси
Коррупция
Мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы коррупция маселеси

Мамлекеттик сатып алуулар жаатында коррупцияга жол берчү жагдайлар толук жоюла элек. Анткени, дагы деле мамлекеттик кызматкерлердин тигил же бул тендерге таасир этүүчү мүмкүнчүлүктөрү бар. Маселен тендерди жарыялоодо анын темасын латын тамгалар менен көрсөтүү, буйрутмачы мекеменин кызыкчылыгына туш келген компанияны тандоого шарт түзөт.

Мамлекеттик сатып алуулар ачык айкын болуп, тендерге катышууга баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүү максатында атайын интернет портал бир жыл мурда ишке кирген. Бирок мындан да жол тапкандар бар. Латын тамгаларын тендердин аталышындагы сөзгө кошуп жиберүү аркылуу, жарыяны порталдан жаап жашыруу мүмкүн.

Мисалы менин курулуш тармагындагы кызмат көрсөтө турган компаниям бар дейли. Мен өлкө аймагында кайсы мекемелер курулуш боюнча тенден өтүп жатканын толук билиш үчүн атайын порталга баш багып издейм. Бирок мында курулуш деген сөзгө латын тамгаларын аралаштырып жиберген компания чыкпай калат. 

Жарыяны латын тамгалары менен жазып, жашырып жаткан мамлекеттик сатып алууларды интернеттеги маалымат каражатты аныктап чыгышты. Маселен "акчабар" порталынын иликтөөсүнө ылайык, 652 млн сомдон ашык каражатка жарыяланган тендерлерди бөтөн көздөн жашырылган деп айтылууда.

Жарыядагы сөздөрдү татаалдаштыруу тендердеги паракорлукту туздөн түз аныктабай, бирок ага кенен жол ачат. Анткени катышуучулардын саны канчалык аз болсо, көмүскө иштерди ошончолук көп кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Маселен, тигил же бул компания кайсы бир тендерде кызматы үчүн бааны аз көрсөтүп, жеңишке жетет. Бирок ал алдын ала сүйлөшүп алгансып, оюндан чыгып кетет. Натыйжада кызмат баасын алда канча өйдө көрсөтүп, экинчи орунда турган компания тендерди утуп алат. 

Мындай коррупцияга жол бере турган схемаларга бөгөт кою багытында Коргоо кеңеши мамлекеттик мекемелерге сунуштамаларын берүүдө. Тилекке каршы сунуштарга көңүл кош мамиле кылып койгон мекемелер көп. 

Каржы министрлиги болсо, коомчулук тарабынан коюлуп жаткан кемчиликтерди жоюуга болгон аракеттер жумшалып жатканын билдирет.