Жаңылыктар
ЖКда маалымат каражаттары жөнүндө талаштуу мыйзам кабыл алынды
Саясат
ЖКда маалымат каражаттары жөнүндө талаштуу мыйзам кабыл алынды

Жогорку Кеңеште “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” талаштуу мыйзам кабыл алынды. Бирок, ага айрым өзгөрүүлөр киргизилүүдө. Демилгечи депутат мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгын улуттук коопсуздукка байланыштырат. Ал эми каршы пикирдеги эл өкүлдөрү түзөтүлүп жаткан жаңы эреже сөз эркиндигине кедергисин тийгизет деген пикирде. Ошондой эле алар мыйзам долбоору регламентти бузуу менен кабыл алынганын айтып чыгышты.

Демилгечи депутат Кожобек Рыспаев мыйзам долбоорун кабыл алуу улуттук коопсуздук үчүн маанилүү экенин айтат. Буга чейинки сунуш өзгөрүп, эми интернет булактары эмес, эреже телеканалдарга гана тийиштүү болоору айтылды. Долбоордо телекомпаниялардын 65 пайыз үлүшү Кыргызстандын жаранына таандык болушу керектиги көрсөтүлүүдө. Бул тажрыйба демократия, сөз эркиндиги өнүккөн өлкөлөрдө да бар экенин белгилейт.

Мыйзам долбоору карала баштаганда эле талаш-тартыш менен коштолду. Мазмунунан да аталган долбоордун Жогорку Кеңештин кароосуна регламентти бузуу менен коюлуп жатканы өзгөчө белгиленди. Депутат Алмамбет Шыкмаматов ал коомдук талкуудан өтпөгөнүн сынга алды. Ошондой эле өзгөртүү киргизилип жаткан мыйзам парламенттин тармактык комитетинде кайра каралышы керек экенин айтат.

Көпчүлүк эл өкүлдөрү Кыргызстанда көрсөтүлүп жаткан чет элдик телеканалдарга кандай мамиле болооруна кызыгышты. Демилгечинин айтымында мыйзам алар тууралуу эмес. Маалымат каражаттарынын мейкиндиги кеңейип жаткан шартта телеканалдарды сунушталып жаткан эреже менен тескөө натыйжа бербестиги айтылды. Маселен, телеберүүлөр интернет аркылуу жеткирилиши мүмкүн. Ал эми мыйзам долбоору интернетке тийиштүү эмес. Дал ушул маселени көтөргөн эл өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин суроосуна, интернет үчүн да өзүнчө мыйзам керек деген жооп болду.

Сунушталган жаңы эрежеге ылайык үлүштөр тууралуу талап сакталбаса телеокпаниялар кайрадан каттоодон өткөрүлүп, көрсөтүлгөн мыйзамга шайкештелет. Демилгечи депутаттар муну менен маалымат каражатынын жабылып калуу коркунучу жок экенин билдиришүүдө. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”