Жаңылыктар
КРда 17 миң 250 мамлекеттик кызматтын штаттык бирдиги бар
Кыргызстан жаңылыктары
КРда 17 миң 250 мамлекеттик кызматтын штаттык бирдиги бар

“Мамлекеттик, жарандык жана муниципалдык кызмат тууралуу”  жаңы чыкан мыйзамдын негизинде ар жылы мамлекеттик кызмат адамдарынын кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана моралдык- этикалык нормаларына мониторинг жүргүзүлүп, ага жараша чаралар колдонулат же класстык  чиндер ыйгарылат. Мамлекеттик кызматкерлерге карата элдин талабы да ушул ак ниеттүүлүк жана эл жерин сүйүү. Учурда Кыргызстанда 17 миң 250 мамлекеттик кызматтын штаттык бирдиги бар. 23-июнь мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик майрамы.

Адистердин белгилөөсүндө  Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү мамлекеттик кызматкерлердин колунда. Ал  үчүн бөлүнүп- жарылууга жол бербей, “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып” ак ниеттен эмгектенүү кажет. Кыргызстандын эртеңки келечеги алардын абийиринде деп белгилейт улуу муундун өкүлдөрү.

Н. Молдокулова, “Биринчи радио”